Үч-Коргон ГЭСиндеги көпүрөнү оңдоо иштери башталат

Бүгүнтөн тарта Жалал-Абад облусунда Үч-Коргон ГЭСиндеги көпүрөнү оңдоо иштери башталат.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, буга байланыштуу унаалар айланма жол менен өтөт.

 

Тагыраагы, Кызыл-Жар, Ала-Бука, Аксы, Чаткал жана башка багыттарга бара жаткан айдоочулар Таш-Көмүр шаары аркылуу өтүүчү айланма жолду пайдаланышы керек. Мындай чектөө 31-декабрга чейин күчүндө болот.