Үч-Коргон ГЭСине Исхак Раззаковдун ысымы расмий ыйгарылды

Үч-Коргон ГЭСине мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы расмий ыйгарылды.

Бул тууралуу Novosti.kgге энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын дарыясындагы алгачкы гидро энергетикалык объект болгон Үч-Коргон ГЭСинин 60 жылдыгы белгиленди.

Белгилеп кетсек, аталган ГЭСтин кубаттуулугу 180 мегаватты түзөт. Ушул убакка чейин анда 50 миллиард киловатт сааттан ашык электр энергиясы өндүрүлгөн.

Аны реабилитациялоо долбоору жакын арада ишке ашат.

Муну менен кубаттуулугу дагы жогорулайт.