Үч-Коргон ГЭСинин эки гидроагрегаты бир учурда реконструкцияланат

Үч-Коргон ГЭСинин эки гидроагрегатын бир учурда реконструкциялоо боюнча кошумча келишимге кол коюлду.

 

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү макулдашууга президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон иш сапарынын алкагында жетишилди. Ага ылайык, гидроагрегаттарды кытайлык компания оңдоп-түзөйт.

 

Аталган ГЭСти реконструкциялоо иштери Азия өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен жүргүзүлүп, төрт гидроагрегатты тең жаңылоо каралган.

 

Былтыр бирөө алмаштырылып, кубаттуулугу жогорулатылган. Экинчи гидроагрегатты реконструкциялоо иштеринин 65 пайызы аяктап калды. Калган экөө 2026-жылы бир учурда алмаштырылат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.