“Чакан ГЭС” ишканасынын станцияларында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн алты гидроагрегатта оңдоо иштери жүрүп жатат

“Чакан ГЭС” ишканасынын станцияларында күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн алты гидроагрегатта оңдоо иштери жүрүп жатат.

 

Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, ГЭС-6, ГЭС-3 жана Быстровка ГЭСиндеги үч агрегатты оңдоо аяктады.

 

Андан тышкары, Аламүдүн ГЭС-1де эки эски өчүргүч заманбап вакуумдук өчүргүчтөргө алмаштырылды. Бул иштер кышында станциялардын ишенимдүү иштешин камсыз кылууга багытталган.