Чаткал районунун Терек-Сай айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Объекттин курулушуна 171 миллион сомду алтын өндүрүүчү компания бөлүп берген. Мектепте окуу класстары, китепкана, ашкана жана спорт, акты залдары каралат.



