Чаткал районунда селден кийинки калыбына келтирүү иштери уланууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 11-июнда катуу жааган жамгырдын кесепетинен 6 унаа өтүүчү жана 4 жөө жүргүнчүлөр өтүүчү көпүрө жабыркаган.

 

Сумсар – Шекафтар унаа жолун жана Сумсар айылындагы ички чарбалык жолдун 300 метр аралыгын сел каптаган.

 

Мындан тышкары, 6 үйдүн короо-жайын суу каптап, 1 турак үйдүн жана 1 сарайдын дубалы урап түшкөн.

 

Учурда сел калдыктары каптаган турак үйлөр жана социалдык объекттер толугу менен тазаланып, аймакта өчкөн электр энергиясы кайра калыбына келтирилди. Терек-Сай айыл аймагына II даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилген.