Чаткалда алгачкы жолу чакан ГЭСтердин курулушу башталды

Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, инвестициялык долбоордун алкагында төрт чакан гидроэлектрстанция үч жылдын ичинде курулуп бүтөт. Долбоор энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылат.

 

Айгыр-Жал, Башкы-Терек, Коргон-Сай, Чуңкурчак деп аталган Чаткал ГЭСтер каскады Каныш-Кыя айыл аймагына курулат. Анын алкагында өрөөн туруктуу электр энергия менен камсыз болот.

 

Ошондой эле жарыкты Ала-Бука жана Таласка да жеткирүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт деп күтүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.