Чек ара: Баткен облусунун ишкерлеринин 15 млн сом насыясы жоюлат

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында жабыркаган Баткен облусунун ишкерлеринин 15 миллион сом насыясы жоюлат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үч окууда колдоду.

 

2021-жылдын апрелиндеги куралдуу кагылышуудан жабыр тарткан жергиликтүү бизнесмендерге берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу боюнча документти Министрлер кабинети демилгелеген.

 

Эске салсак, буга чейин Каржы министрлиги 76 адамга 200 миң сомдон насыя берилгенин билдирген.