Чек араны тактоодо тажик тарап менен алмашылган айылдардан Баткен облусу боюнча жалпы 253 үй-бүлө көчүрүлөт

Чек араны тактоодо тажик тарап менен алмашылган айылдардан Баткен облусу боюнча жалпы 253 үй-бүлө көчүрүлөт. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

 

Анын айтымында, Лейлек районундагы айылдардан көчө турган тургундар үчүн кыргыз тарапка өткөн Кайрагач аймагында турак жай салынат. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда карап, кабыл алды.