Черногорияда жалкоолук боюнча чемпионат башталды

Черногорияда жалкоолук боюнча чемпионат башталды. Эң көп жаткан адам жеңишке жетет. Ага 2 миң евро тапшырылат. Чемпионатта 2 адам катышууда, алар Россия, Украина, Түркия, Сербиядан келген.

 

Катышуучулар керебеттен турбашы керек, аларга тамак-аш, суусундук, интернет жаткан жерине берилет жана 8 саатта бир 15 мүнөттүк тыныгуу болот. Буга чейинки чемпионатта 50 күн бир орунда жаткан Лидия жеңишке жеткен.