Чет элдик валюта бар болсо, ал чектөөсүз алмаштырылышы керек

Чет элдик валюта бар болсо, ал чектөөсүз алмаштырылышы керек. Бул тууралуу Улуттук банк эскертет. Андан тышкары, чет элдик валютаны сырттагы таблодо көрсөтүлгөн курс боюнча гана сатуу жана сатып алуу жүргүзүлүшү шарт.

 

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен ишендиришкендей, өлкө аймагындагы валюта рыногу көзөмөл алдында.

 

Мыйзам бузууларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзюүлүп келет. Алар катталган учурда лицензиясын тартып алганга чейинки катуу чаралар көрүлөт.