Кыргызстанда 2025-жылдан тарта чет элдиктер үчүн жаңы эрежелер киргизилет. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Эми жашоого жана иштөөгө уруксат берүү “Электрондук виза” порталы менен интеграцияланган “Бирдиктүү терезе” системасы аркылуу ишке ашат.
Техникалык, программалык жана уюштуруучулук иш-чараларды даярдоо үчүн ework.e-gov.kg порталы ушул жылдын 25-декабрынан тартып квота жана иштөөгө уруксат алуу үчүн документтерди кабыл алууну токтотот.
Жаңы эрежелер 2026-жылдын 1-январына чейин күчүндө болот.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



