Чет өлкөлүктөр Россияга чыгар алдында RuID мобилдик тиркемеси аркылуу ыктыярдуу түрдө өзү жөнүндө маалымат жөнөтө алат

Чет өлкөлүктөр Россияга чыгар алдында RuID мобилдик тиркемеси аркылуу ыктыярдуу түрдө өзү жөнүндө маалымат жөнөтө алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев билдирди.

 

Анын айтымында, тиркеме аркылуу Россияга барганга чейин 72 саат мурда маалымат берүү керек. RuID тиркемесин алдын ала толтуруу Россияга барганда SIM-карта алуу, жеке эсептин камсыздандыруу номери жана башка документтерди жол-жоболоштуруу процессин жеңилдетет.