Чет өлкөлөрдө жүргөн жана чыгууну пландап жаткан кыргызстандыктар үчүн “Электрондук консул” мобилдик тиркемеси ишке кирди

Чет өлкөлөрдө жүргөн жана чыгууну пландап жаткан кыргызстандыктар үчүн “Электрондук консул” мобилдик тиркемеси ишке кирди.

 

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, учурда тиркемеде Кыргызстанга кайтып келүүгө күбөлүк тариздөө, документтерди талап кылуу, консулдук кабыл алууга алдын ала жазылуу, ошондой эле убактылуу жана туруктуу консулдук каттоого туруу кызматтары бар. Андан тышкары, чет өлкөгө чыгуу эрежелери, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин даректери жана байланыштары жайгаштырылган.