Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында заманбап талаптарга жооп берген мал союучу жай ачылды

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында заманбап талаптарга жооп берген мал союучу жай ачылды.

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, объект санитардык нормаларга жооп берип, эт азыктарын коопсуз жана сапаттуу даярдоого шарт түзөт. Бул жайда мал союу процесси эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүп, ветеринардык көзөмөл толук камсыздалат.