Чоң-Алайда поликлиника, лаборатория жана дарыгерлер үчүн кызматтык үй курулат

Ош облусунун Чоң-Алай районунда поликлиника, лаборатория жана дарыгерлер үчүн кызматтык турак жай курулат.

 

Жергиликтүү бийликтен маалым болгондой, объекттер Дароот-Коргон айылындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун аймагында болот. Учурда бул жерде эки кабаттуу инфекциялык бөлүм курулуп жатат.

 

Курулуш иштери быйыл жыл ичинде аяктап, мекеме зарыл болгон бардык медициналык жабдуулар менен камсыздалат.