Чоң-Арык жаңы конушунда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун курулушу уланууда

default

Ордо калаадагы Чоң-Арык жаңы конушунда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун курулушу уланууда.

 

Мэриянын маалыматына караганда, имаратта дарыгерлердин кабинеттери, ЭКГ, УЗИ, техникалык жана чарбалык бөлмөлөр, лифт жана жуунучу бөлмөлөр болот. Ошондой эле аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалууда.

 

Учурда объекттин ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.