Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдарын Өзбекстандан өткөрүп алуу иши башталды

Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдарын расмий өткөрүп алуу иштери башталды.

 

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдиргендей, буга чейин чек араны тактоодо алмашылган аймактардын жашоочуларынын жарандыгын аныктоо, аларды көчүрүү, мүлктүк, чарбалык жана башка маселелерди жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн биргелешкен жумушчу комиссиясынын отуруму Кадамжай районунда өткөрүлгөн. Бүгүн жумушчу топ элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

 

Мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштеринин жүрүшүндө мурда Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу болгон Чоң-Кара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстанга өткөрүлгөн. Бул айылдарда негизинен этникалык кыргыздар жашайт. Эки айылда болжол менен 2 миң 500 адам бар.