Чолпон-Атада дары-дармек менен камсыздоо 99%га жетти

Чолпон-Ата шаарын дары-дармек менен камсыздоо 99%ды түздү. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, фонддун төрагасы Азамат Муканов Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы дары-дармек сактоочу кампаны текшерген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө дары каражаттарынын кору, камсыздоо деңгээли жана алардын медициналык мекемелердин муктаждыгына шайкештиги каралды. Мындан тышкары, дары-дармектерди сактоо шарттары, жарактуулук мөөнөттөрүнүн сакталышы, ошондой эле эсепке алуу жана эсептен чыгаруу тартиби текшерилди.

Ошондой эле жеткирүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгү, өз убагында келиши жана мүмкүн болгон тобокелчиликтер өзүнчө талкууланды.

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg сайтынан да тааныша аласыздар.