Чолпон-Атадагы ат майданга билет менен кире албай калгандардын акчасы кайтарылат

Кечээ Чолпон-Ата шаарындагы көк бөрү жана көкпар оюндарына билет алып, бирок жайгаша албай калган жарандардын акчасы кайтарылып берилет. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. Ал үчүн төлөм боюнча дүмүрчөктөрүн жана билеттин өзүн көрсөтүшү керек болот.

 

6-Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында 6-сентябрда көк бөрү жана көкпар оюндарынын финалдык беттештери өтүп, Кыргызстан менен Казакстандын улуттук командалары күч сынашкан. Бул оюндарды көрүү үчүн келген жарандар милиция кызматкерлеринин эскертүүсүнө карабай, тосмолорду бузуп, ат майданга кирип кетишкен.

 

Көк бөрү боюнча беттеште Кыргызстандын улуттук курама командасы казакстандык улакчыларды 12:0 эсебинде жеңсе, көкпарда кыргызстандык оюнчулар 7:2 эсеби менен утту.