Талас облусунун Айтматов районунун Шекер айылында салынып жаткан «Чыңгыз Ааламы» маданий-мемориалдык комплексинин курулуш иштери 70 пайызга аткарылды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, комплексте залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи, китепкана, кинотеатр, мейманкана жана башка инфраструктуралык объектилер курулат.
Маданий-мемориалдык комплексти эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата пайдаланууга берүү пландалууда.



