Чыңгыз Ахматов Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 2024-жылдан бери Ош облусунун прокурору болуп эмгектенип жаткан.
Ал эми Ош облусунун прокурорлугуна Бакытбек Сыдыгалиев дайындалды. Ал буга чейин Ош шаарынын прокурору болуп эмгектенген.



