Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыккан биринчи курама — Франция

Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыккан биринчи курама — Франция.

 

Чейрек финалда француздар Мароккону 2:0 эсебинде жеңди. Беттештин  60-мүнөтүндө Килиан Мбаппе эсепти ачса,  алты мүнөттөн кийин Усман Дембеле дагы бир гол киргизди.

 

Эми Франция жарым финалда бүгүн түндө боло турган Испания — Бельгия беттешинин жеңүүчүсү менен ойнойт. Эске салсак, Дидье Дешамдын тарбиялануучулары 2018-жылы дүйнө чемпиону болсо, 2022-жылы финалга чейин ийгиликтүү жетип, күмүш медаль тагынган.