Дүйнөдөгү эң кичинекей китеп аукциондо сатылды

Дүйнөдөгү эң кичинекей китеп аукциондо сатылды. Чет элдик ММКлар жазышкандай, туурасынан дагы, узундугунан дагы 5 миллиметр болгон китепти белгисиз адам 3 миң 500 еврого сатып алды.

 

Андагы текст өтө эле кичинекей болгондуктан, атайын чоңойтуучу айнеги жок окууга мүмкүн эмес. Эң кичине китеп 1952-жылы Германияда басып чыгарылган.