Дүйнөдөгү эң кургак чөлдөрдүн бири Атакамада кар жаады. Эксперттердин айтымында, мындай көрүнүш көптөгөн жылдардан бери биринчи ирет катталууда.
Белгилеп кетсек, Чилидеги Атакама чөлү планетадагы эң эле кургак жер катары белгилүү. Анын айрым аймактарында жаан-чачын дээрлик болгон эмес. Андыктан, кардын жаашы дүйнөнү таң калтырууда.



