Дүйнөдөгү эң тынч шаар деп Калифорниядагы Сан-Диего аталды.
Адистер дүйнөнүн ар кайсы бурчунда жайгашкан 50 ири шаарды салыштырышкан. Алар парктар менен спа-борборлордун саны, абанын сапаты, күндүн чыгуу сааты, жолдордун тыгын деңгээли, жергиликтүү тургундардын өзүн кандайча сезери өңдүү көрсөткүчтөрдү эске алышкан.
Сан-Диего чоң айырма менен биринчи орунду ээледи. Бул шаарда 266 парк жана корук бар, ал эми жылына дээрлик 300 күн аба ырайы ачык болот.
Экинчи орунду Сингапур, үчүнчүнү Вена ээледи.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



