Дүйнөдөгү эң узак аба каттамы Шанхай менен Буэнос-Айрес ортосунда кое берилди

Дүйнөдөгү эң узак аба каттамы Шанхай менен Буэнос-Айрес ортосунда кое берилди. Учак Аргентинанын борбор шаарына 25 саат 55 мүнөттө учуп барат, ортодо Жаңы Зеландиянын Окленд шаарында эки саатка токтойт.

 

Жалпы аралык 20 миң чакырымга жетет. Ал эми кайра артка сапар 29 саатка созулат. Белгилеп кетсек, бул Жер бетинин эки карама-каршы жагын бириктирген алгачкы коммерциялык каттам болуп эсептелет. Рейс жумасына эки ирет аткарылат.