Дүйнөдөгү эң узак мөөнөттүү айланма дүйнөлүк круиз Римден башталды. Лайнер 371 күн жолдо болуп, 62 өлкөнүн 220 портуна токтойт. Каттам Европа, Африка, Азия, Австралия, ошондой эле Аляска, Кариб деңизин жана Түштүк Американы камтыйт.
Белгилеп кетсек, буга чейинки рекорд америкалык компания уюштурган, 274 күнгө созулган круизге таандык болгон.



