Кыргызстандын экономикасы быйыл ички суроо-талап, инвестициялар жана мамлекеттик чыгашалардын эсебинен өсүүнү улантат. Бул божомолду Дүйнөлүк банктын адистери билдирүүдө.
Өсүүнүн негизги кыймылдаткычы экономикага ички стимул берүү болот. Атап айтканда, жеке керектөө өсүшү, инвестициялардын көбөйүшү, ошондой эле мамлекеттик чыгашалардын кеңейиши күтүлүүдө.
Дүйнөлүк банктын баасы боюнча, 2026-жылы Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи кеминде 6,5% жетиши мүмкүн.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



