Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын айрым иш-чараларына кирүү үчүн 1 миң сомдук билет талап кылынат

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын айрым иш-чараларына кирүү үчүн 1 миң сомдук билет талап кылынат. Бул тууралуу маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.

 

Акы төлөнүүчү иш-чаралар “Рух-Ордо” борборунда, Бостери айылында жана “Дордой Номад” комплексинде өтөт. Ошондой эле ат майдандагы кечки концерттерге, көк бөрү жана көкпар боюнча финалдарга билет керек.

 

Жабылуу аземине билеттер 1 миңден 5 миң сомго чейин сатылат. Ал эми Кырчын жайлоосундагы иш-чараларга кирүү акысыз. Жеке унаалар киргизилбей, атайын токтотмо жайлардан акысыз шаттлдар каттайт.