“Биримдик кербени” аркылуу облустарды аралап келген көөкөргө куюлган тоо суусун Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинин алкагында Татарстандын башчысы Рустам Миннихановго жана Россиянын спорт министринин орун басары Алексей Морозовго тапшырды.
VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2028-жылы Татарстанда өтөт.



