Дарылыгы бар чөптөрдү өстүрүүгө, кайра иштетүүгө жана пайдаланууга уруксат берген мыйзамга Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, жеке жана юридикалык жактар дары өсүмдүктөрүн өндүрүштүн айыл чарба ыкмасы менен культивациялоо жана өстүрүү боюнча иш жүргүзүү укуктарына ээ болот. Ал эми уу коргошунду үйлөрдүн жана социалдык объектилердин жанына отургузууга болбойт.



