Депутаттыкка талапкерлерди каттоо 10-ноябрда аяктайт

Депутаттыкка талапкерлерди каттоо 10-ноябрда аяктайт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, талапкерлерди каттоо үчүн “Электрондук талапкер” программасы киргизилген, ал документтерди электрондук түрдө киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.

 

Талапкерлердин маалыматтарынын мыйзамдардын талаптарына ылайык келишин текшерүү “Түндүк” системасы аркылуу ишке ашырылат. БШКдан белгилешкендей, саясий партиялар Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу ар бир шайлоо округу боюнча бирден талапкерди саясий партиянын съездинде жашыруун добуш берүү аркылуу көрсөтөт.