Диетологдор жаштыкты сактай турган азыктарды аташты. Дарыгер Михаил Гинзбургдун айтымында, биринчи орунда капуста турат. Анын бардык түрүндө картаюу процессин жайлаткан флавоноиддер жана сульфорафан бар.
Зат алмашууну жакшырткан алма дагы ден-соолукка пайдалуу. Тизмедеги үчүнчү азык — петрушка. Бул көк чөптө клеткаларды жаңылоого жардам берген фолий кычкылы көп.