Россиянын аймагында дээрлик 72 миң кыргызстандык мыйзамсыз жүрөт. Ушул жылдын октябрь айына карата маалыматты Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жарандардын бул категориясына аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалымат базасында эмгектик же жарандык-укуктук келишим түзгөндүгү, манжа изин каттоодон жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгү, миграциялык каттоого тургандыгы сыяктуу маалыматтар жок адамдар кирет.
“Тобокелдик зонасындагы” кыргыз жарандары тууралуу маалымат жакында migrant.kg порталына жайгаштырылат. Анын алкагында абалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрсө болот.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.



