Доллар жана евронун куну 2020-жылдагы деңгээлине түштү

Доллар жана евронун куну 2020-жылдагы деңгээлине түштү. Улуттук банк орноткон расмий курсуна ылайык, сом позициясын бекемдөөдө. Доллар дароо 2 сомго арзандап, 80 сом 28 тыйын болсо, евронун куну учурда 84 сомду түзөт.

 

Эске салсак, акыркы жолу америкалык валюта 79-80 сомдук деңгээлде 2020-жылдын октябрь айында кармалган. Ал эми ушул жазда доллардын курсу 117 сомго чейин жетти.