Долон ашуусунда кар жаап жатат

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, кардын калыңдыгы 5-6 сантиметрге жетти.

 

Учурда аталган ашууда каттам бар, жолго кум-туз себүү иштери жүрүүдө.

 

Айдоочуларга сак болуу сунушталат.