Достук айылынын тургундары үчүн заманбап шарттагы үйлөр курулууда

Достук айылынын тургундары үчүн заманбап шарттагы үйлөр курулууда. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев билдирди. Анын айтымында, Достук айылындагы 71 үй жаңы Достук айылына көчүрүлөт.

 

Учурда атайын долбоор иштелип чыгып, заманбап үйлөрдүн курулуш иштери башталды. Жаңы Достук айылы Баткен шаарына жакын жерде жайгашкан. Калаанын инфраструктурасына кошулууга толук мүмкүнчүлүктөрү бар, — деди Орунтаев.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.