Дубайда жасалма интеллект ресторандын башкы ашпозчусу болду

Дубайда жасалма интеллект ресторандын башкы ашпозчусу болду. Ал миңдеген рецепттер жана даам айкалыштары камтылган чоң маалыматтардын негизинде окутулган.

 

Футуристтик концепциядагы ресторан быйыл сентябрда ачылып, “гастрономиянын келечеги” катары сунушталууда. Жасалма интеллект ашкананы толук көзөмөлдөп, рецепттер жана ингредиенттер боюнча чоң маалыматтарды колдонуп, жаңы даамдарды жаратат.