Быйыл дыйкан-фермерлер 2 миңден ашык жаңы айыл чарба техникасын алышты.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, долбоор 2011-жылдан бери эки мамлекеттик банк аркылуу ишке ашып келет. Анын алкагында айыл чарба техникалары жана кайра иштетүү жабдуулары жылдык 6%дык жеңилдетилген чен менен 7 жылдык мөөнөткө лизингге берилүүдө.
Мамлекеттик программа башталгандан бери дыйкандарга жалпы суммасы 24 млрд сомду түзгөн дээрлик 12 миң техника тапшырылды.



