Евразиялык экономикалык форумга байланыштуу милиция айдоочуларды телефон номерлерин унаага калтырып кетүүнү суранат

Евразиялык экономикалык форумга байланыштуу милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды телефон номерлерин унаага калтырып кетүүнү суранат.

Маалыматка ылайык, 26-27-майда “Манас” аэропортунан Жибек Жолу проспектине чейинки жол, Фучик, Абдрахманов көчөлөрү, Жаш Гвардия бульвары, Чүй, Манас, Айтматов проспектилери убактылуу жабылат.

Ал көчөлөргө мүмкүн болушунча унаа токтотпоого жана аргасыз токтотуу учурунда алдыңкы терезелерине уюлдук телефондун номерлерин калтырып кетүүнү суранабыз.

Анткени кырдаалга байланыштуу ошол унааны алдырууга туура келсе айдоочу чакырылат.

Номер жок болсо машинени эвакуатор менен жүктөп кетүүгө аргасыз болобуз, — деп айтылат маалыматта.