Фермерлер жана айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн колл-центр ишке кирди

Кыргызстанда фермерлер жана айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн колл-центр ишке кирди. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, бул кызмат аграрийлер менен ведомствонун түз байланышта болушу үчүн арналган.

 

Фермерлер мамлекеттик колдоо, суу ресурстары жана ирригация маселелери, өсүмдүк өстүрүү, өсүмдүктөрдү коргоо, мал чарбачылыгы, ошондой эле продукцияны кайра иштетүү, сактоо, сертификаттоо жана экспорттоо боюнча кеңеш ала алышат.

 

Кайрылуу үчүн 1210 кыска номери жеткиликтүү. Колл-центр иш күндөрү эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин иштейт.