Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкектин Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Мэрия билдиргендей, эртең жылуулук тармагын оңдоо иштери Сүйүмбаевден Тыныстановго чейинки тилкеде башталат. Иш 3-октябрга чейин созулат.

 

Маалыматка ылайык, жылуулук тармактын пайдаланууга берилгенине 50 жылдан ашып калгандыктан, авариялык абалда жана тез арада алмаштырууну талап кылат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.