Футбол боюнча дүйнө чемпионатында тарыхтагы эң «акылдуу» топ колдонулууда

Футбол боюнча дүйнө чемпионатында тарыхтагы эң «акылдуу» топ колдонулууда. Trionda аталышындагы расмий топтун ичине атайын микрочип орнотулган. Ал VAR системасына маалыматты секундасына 500 жолу жөнөтөт.

 

Сенсор топтун ылдамдыгын, учуу багытын жана траекториясын көзөмөлдөп, калыстарга талаштуу учурларда жана офсайддарды аныктоодо так чечим чыгарууга жардам берет.