Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешине карата Бишкектеги Ала-Тоо аянтында ири фан-зона ачылат.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, иш-чара 19-июлда болот.
Фестивалдын программасына ылайык, кечки саат 9дан баштап төрт сааттык масштабдуу шоу-программа уюштурулат, андан соң дүйнө чемпионатынын финалдык беттеши түз эфирде көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, фан-зонанын аймагында фудкорт, оюн-зоок аянтчалары уюштурулуп, баалуу белектер менен байгелер ойнотулат. Шоу-программанын алкагында жергиликтүү популярдуу артисттер өнөр көрсөтөт.



