Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында ойной турган командалар аныкталды.
12-июлга караган түнү чейрек финалда Англия Норвегияны 2:1 эсебинде утту. Таңга маал болгон дагы бир чейрек финалдык беттеште Аргентина Швейцарияны жеңди.
Бир күн мурда болгон чейрек финалдык оюндарда Испания Бельгияны 2:1, Франция Мароккону 2:0 менен жеңип алган/
Эми алдыда жарым финалда Франция менен Испания, Англия менен Аргентина ойнойт. Финалдык беттеш 20-июлга караган түнү болот.



