Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Музейлер түнү” өтөт

Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи 90 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында 17-майда “Музейлер түнүн” өткөрөт.

«Салтка айлангандай, бул түнү кирүү жана иш-чараларга катышуу акысыз. Бул учурда музей мейкиндиги сыйкырга толуп, анда искусствонун түрлөрү чогулат», — деп айтылат музейдин сайтында.

Келгендер көргөзмө, жарманке жана фуд-корт, мастер-класстар жана музейдин өнөктөштөрүнүн иш-чараларына күбө болушат. Кеңейтилген музыкалык программа жана музейдин эки көргөзмөсү, алардын бири мультимедиялык форматта өткөрүлөт.

Иш-чара эл аралык “Музейлер түнү-2025” иш-чарасынын алкагында өтөт.