Германия тургуну 367 күндө 367 марафон чуркап өттү

Германия тургуну 367 күндө 367 марафон чуркап өттү. Ал муну аткара алган дүйнөдөгү биринчи аял болуп катталды. Атлет Германиянын бардык шаарларын чуркап өтүп, жолун 8-октябрда Берлинде жыйынтыктоону пландап жатат.

 

Өткөн жылдын 1-июнунан тарта аял күн сайын 42 чакырымдап чуркайт. Анын жеке эсептөөлөрү боюнча ал жалпысынан 20 миң чакырымды чуркап өтөт.