Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мамлекеттик гимнди өзгөртүү ишин токтотуу демилгесин көтөрүштү. Кээси гимнди өзгөртүү боюнча мамлекет жөн гана убара болуп жатканын айтса, дагы бири бул маселе боюнча саясий чечим кабыл алуу сунушун берди.
Жыйынтыгында мамлекеттик гимндин жаңы вариантын тандоо боюнча комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу боюнча маселе Жогорку Кеңештин 11-июндагы жыйынын күн тартибинен алынды.
Эске салсак, мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу көтөрүп, сунуш коомчулукта кызуу талаш-талкуу жараткан.



