Гимндин жаңы редакциясы: ЖК комитети сунушталган үч вариантты тең четке какты

Жогорку Кеңештин комитети мамлекеттик гимн сынагынан өткөн үч вариантты тең четке какты.

 

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин төрагасы Курманкул Зулушев аткарылган үч варианттын бири да учурдагы гимнге жетпей жатканын белгиледи.

 

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик гимн сынагына жалпы 900дөй долбоор келгенин билдирген.

 

Эске салсак, гимнди өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мындан эки жыл мурун көтөргөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.